Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Макалалар

Ыйык Куранда адашкандарга каршы көптөгөн коркутуп үркүтүүлөрүнүн сыры эмне?

Ыйык Куранда адашкандарга каршы даттануулары менен көптөгөн коркутуп үркүтүүлөрү акыл менен караган адамга адилеттүү жана бири-бири менен байланыштуу болгон кызыл тилдүүлүгүнө, адилеттүү ыкмасына жана тууралыгына ылайыктуу болбой турат. Кудум алсыз бир адамга каршы кошуундар менен коркутуп жаткансыйт. Ал адамдын кичинекей бир иши үчүн миңдеген кылмыш кылган сыяктуу коркутууда. Жана да ал адамдын колунда эч нерсеси болбосо да, чектен чыгып Аллахка шерик болуп алгансып андан даттанып жатат. Мунун сыры менен даанышмандыгы эмне?

АР ДАЙЫМ ТЫНЧТЫК БОЛСУН

Эгерде дүйнөдө согуш болбосо дүйнө эли тынчтыкта жашайт. “Тынчтык бар жерде ырыс бар” деген макал бекеринен айтылбаса керек. Эгерде адамдар бири-бири менен тил табыша алса, мамлекет менен мамлекет туура көз карашта болсо, анда дүйнөдө согуш аз болмок. Согуштун айынан көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылып, үйлөр, заводдор, фабрикалар зыянга учурайт. Мисалга алсак, 1941-1945 жылдардын аралыгында Улуу Ата Мекендик согуш болгон. Советтер Союзу менен Германия согушкан. Анда адамдар өлүп, энелер сыздап, келиндер күйөөсүз, наристелер атасыз калган. Миңдеген фабрикалар бомба алдында калган.

БАКТЫЛУУЛУКТУН ҮЧ БЕЛГИСИ: ШҮГҮР, САБЫР, ИСТИГФАР

Эгер сез жакшылык келсе шүгүр кылгандардан, сыноо келсе сабыр этүүчүлөрдөн, күнөө кетирсеңиз кечирим сурачулардан болсоңуз - билиңиз, сиз Аллахтын ырайымына ээ болгон бактылуу киши экенсиз.

Бул дүйнөдө эң кымбат нерсе ыйман эмеспи. Адам өзүнөн өзү ыймандуу боло албайт. Аллах тандап, Өзүнө жакындатып, жакшы көргөн пендесине гана ыйман насип кылат. Ал эми кимге ыйман насип кылса – Акыретте Бейишке киргизет, бул дүйнөдө болсо бактылуу кылат.

Шашылуу

Адамдын фытратында (табиятында) шашылуу бар. Эки аяти каримдин мааниси:
"Адам шашкалаң [табиятта] жаратылды.”[Энбия 37]”
"Адам абдан шашкалаң”. [Исра 11]
Шашылууга шайтан аралашат. Эки хадиси шарифтин мааниси:
"Шашылуу шайтандан, шашылбоо Рахмандан”.
"Шашылбаган адам максатка жетет, шашылган адам ката кылат.”

Такфирдик ой жүгүртүүнүн тарыхый тамырлары жана анын алдын алуу жолдору

Кыскача:Бул макалада Ислам дүйнөсүнүн апааттуу ой жүгүртүүсү болгон такфирдик маселе тууралуу баяндалат. Маселе такфирдик ой жүгүртүүнүн тарыхый тамырларын изилдөө менен анын пайда болгон себептери жана дүйнөгө таралуу фактыларын камтыйт. Макалада такфир маселеси Ислам тарыхынын башталышында пайда болгонун маалымдалат.Такфирдик ой жүгүртүү акыйдасы хадистик, идеологиялык, фанатизмдик негиздерге бекемделген.

Курмандык чалуу

Курмандыкка мал сатып алаарда эмнелерге маани берүү керек?
1-Курмандыкка мал сатып алаарда «Курман айтта сойуум үчүн важип болгон курмандык малды алууга» деп ниет кылуу керек. Муну сойоордо да кайталап ниет кылуу шарт эмес. Дал ушул сатылып алынган малды да сойуу шарт эмес, бирок, башка малдын куну бул малдан төмөн толбоого тийиш. Сатып алаарда ниет кылбаса да болот. Бирок, сойоордо сойуп жаткан адамды өкүл кылган кезде ниет кылуу керек болот.

Ислам жолунда өнүккөн Иран

Байыркы Персияга кимдер гана суктанып, барууну кыялданбаган. Белгилүү орус акыны Сергей Есенин ал жакка бир барган таасирлеринен “Персия кайрыктарын” жазган. Фирдоусинин “Шахнаме” поэмасы жазылган, Саади, Омар Хаям, Жами, Хосров, Руми, Хафиз сыяктуу жалпы адамзат поэзиясынын классиктери чыккан аймак бир кезде дүйнөлүк адабият менен маданияттын, медицинанын, илим, билимдин ордосу болгон. Бир эле Саадинин:
Табияты бирдей болуп жаралган,
Бүт адамзат бир атадан тараган.
Бирин эле мүшкүл басса башкалар,
Туюп аны тынчсыздануу башталар.

Бала төрөлөөрдөн мурда аткарыла турган иштер

Адал тамак: Ата-эненин милдеттеринин бири өз ырыскыларына көңүл бургандай эле балдарына дагы адал ырыскы жедирүүлөрү керек. Мусулман адам үй-бүлө мүчөлөрүнө арам же шектүү нерсе жедирүүсү ыктымал болсо, ал адамдын үйлөнүшү арам же макрух боло тургандыгын эскерткен элек. Ооба, эч кимдин башка бирөөгө арам жедирүүгө акысы жок.

Жетимдин мал-мүлкүн пайдалануу

Атасынан же ата-энесинен ажыраган балагатка жете элек бала «жетим» болуп эсептелет. Куранда жетимдин мал-мүлкүн мыйзамсыз пайдалангандар жөнүндө:

«Жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер курсагын тозок отуна толтурушкан болот» (Ниса сүрөсү, 10)

«Жетимдердин мал-мүлкүн (бойго жеткен соң) өздөрүнө кайтарып бергиле! Жакшыны жаманга алмаштырбагыла(б.а.жетимдин мүлкүн өзүңөрдүн мал-мүлкүңөргө аралаштырып, бөөдө адал мүлкүңөрдү арам кылып албагыла!) Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн мүлкүңөргө кошуп жебегиле! Анткени бул чоң күнөө!» (Ниса сүрөсү, 2)

Страницы