Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Макалалар

Динди акылдуу, көңүлгө туура келген негизде жана ыйман акыйкаттарына таянган бир услуп менен түшүндүрүүнүн маанилүүлүгү

Адамдарга Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын түшүндүрүү, Ислам ахлагынын кооздуктарына чакыруу – ар бир Мусулмандын мойнундагы милдет. Бирок бул милдетти ишке ашырууда Аллах Куранда билдирген жолду жолдоо абдан маанилүү. Аллах билдирген, Пайгамбарыбыз (сав) жолдогон жолдон башка өзүнүн акыл жана ойуна туура келген бир жолду жолдогон киши динди түшүндүрүүдө ийгиликтүү боло албаган сыяктуу эле, көп адамдардын динден алысташына да себеп болушу мүмкүн.

Азирети Аятолла Хаменеинин батыш жаштарына жолдогон каты

Азирети Аятолла Хаменеи батыш өлкөлөрүнүн бардык жаштарына Францияда болгон террористик окуя тууралуу бирге ой жүгүртүүнү сунуштады жана терроризмдин ачуу натыйжалары менен Израиль өкмөтүнүн террордугу да Ислам дүйнөсүндөгү айрым бийлик күчтөрүнүн колдоосу менен болгонуна ишаара кылды. Азирети жаштарга кайрылып: “Мен силер жаштардан суранаарым, акыркы жагымсыз окуяларга туура көз караш менен ой жүгүртүп, Ислам дүйнөсүнө татыктуу жана адилеттүү мамиле менен карагыла” – деди.
Бисмиллахи ррахмаани ррахийм
Батыш өлкөлөрүнүн бардык жаштарына кайрылуу:

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) ЖОЛУККАН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЖАНА СЫНООЛОР

Аллахтын элчилери тарых бойу адамдарды Аллахтын бар жана жалгыз экендигине ыйман келтирүүгө чакырышкан, аларга сонун ахлакты түшүндүргөн, аларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышкан.

Коомдорун Аллахтын ыраазычылыгы, кечирими жана бейишине жетүүгө чакырган бул куттуу инсандар тарыхтын ар кайсы доорлорунда баш тартуучулардын сөз менен басым жасоолоруна жана кол салууларына кабылышкан.

Бирок, Пайгамбарлар чындыктан баш тартуучулардын мындай басым жана кол салууларына эч качан алдырышкан эмес, бүт жашоолору боюнча оор жана сыймыктуу күрөшүн жүргүзүшкөн.

Курандагы чыныгы жихад

Жихад сөзү «жехд» деген сөздөн келип чыккан. Арап тилиндеги маанилери болсо төмөнкүдөй:

Аллах үчүн сүйүү

Аллах ыйман келтирип, салих амал кылган кулдарына мына ушундай сүйүнчү кабар берет. Айт: «Мен бул (эмгегим) үчүн жакындарга сүйүүдөн башка силерден эч кандай акы сурабайм.» Ким бир жакшылык кылса, Биз андагы жакшылыкты көбөйтөбүз. Чындыгында, Аллах кечиримдүү, шүгүр кылганга жакшылыгынан берүүчү. (Шура Сүрөсү, 23)

Момундун жашоосу толугу менен Аллахка арналат. Аллах үчүн жашайт, Аллах үчүн иштейт жана Аллах үчүн сүйөт.

КУР'АН- БАРДЫК ИЛИМДЕРДИН ЖАНА ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ!

Балдарга светтик илимдерди окутуудан мурда, эң биринчи КУР'АНДЫ окутуп үйрөтө турган болсок, анда КУР'АН адам баласына жашоосунда эң керектүү жана эң маанилүү нерселердин баарын үйрөтөт. Бул ата-эненин баласы үчүн берген эң жакшы тарбиясы болот. Анткени, ата-эне балдарына Кур'анды үйрөтүү менен бирге перзенттеринин бул дүйнөдө да жана акыретте да бактылуу болууларына кам көргөн болушат. Ата-эненин бул жашоодогу эң негизги милдети ушул.
ХАФИЗДИН АТА-ЭНЕСИНЕ АЛЛАХ ТААЛА КЫЯМАТ КҮНҮ НУРДУУ ТААЖЫ КИЙГИЗЕТ.

Аял укуктары менен бирге жаралат

Белгилүү өлкөлөрдө белгилүү убактарда аялдарга берилген укуктардын жылдыгы жыл сайын белгиленет: аялдардын эркектер менен тең укукта билим алуу укугу, мамлекеттик кызматта иштей алуу укугу, шайлоо жана шайлануу укугу, аялдардын ажыраша алуу укугу... Дүйнө көнүп калган бул майрамдардын түпкүрүндөгү кызыктай түшүнүктү болсо көп киши байкай бербейт.

ДҮЙНӨДӨГҮ БАЙЛЫК ЖАНА АБРОЙ СӨЗСҮЗ ЖОК БОЛОТ

Көп адамдар дүйнөдө абдан сонун бир жашоо жашай алам деп жаңылат.
Чындыгында болсо, Аллахты жана акыретти унуткан бир адам эч качан каалагандай, кыялдангандай жашоого жете албайт.

Себеби, каалаган бир нерсесине жеткенде, андан да жакшысын жана көбүн каалап баштайт.

Акчалуу болот, ал жетишпейт, дагы көбүрөөк иштеп, көбүрөөк табайын дейт.
Үйлүү болот, ал жакпай калат; андан да көңүлүнө жакын бир үй көрүп, аны алуу үчүн аракет кылып баштайт.

ДҮЙНӨ ЖАШООСУНУН АЛДООЧУ КООЗДУКТАРЫ

Биз жашаган дүйнөдө адам көзүн кайсы тарапка бурбасын, көптөгөн кооздуктарды көрөт.
Адамдын кынтыксыз дене түзүлүшү, миллиондогон түрдүү өсүмдүктөр, тонналаган оордуктагы булуттар жайгашкан учу-кыйырсыз асман жана башка көптөгөн нерселер рухка ырахат бере турган бир көрүнүштө жаратылган.
Көздөн башка сезүү органдары менен сезген көптөгөн нерселер да адамга ырахат берет.
Сонун бир жыт, даам же сонун ритмдеги музыка сыяктуу.
Шагында төгүлүп турган мөмөлөр сонун жыты жана даамы менен баарыбызга жагат.

АДАМ АЛСЫЗ БОЛУП ЖАРАТЫЛГАН

Күнүмдүк жашоонун агымында үйдө, жолдо, жумушта, окууда ар түрдүү адамдарга жолугасыз.

Бул адамдардын көпчүлүгү тыкан кийинген, өздөрүн жакшы караган, чачтары таралган, сакал-мурутун кырынган, үтүктөлгөн кийимдер кийинген адамдар.

Бирок, бул көрүнүштөрүнүн артында мунун көрүнбөгөн тарабы да бар.
Бул адамдар мындай жакшы көрүнүшкө келүү үчүн канчалык убакыт коротушту болду экен?

Ар бир адамдын күн бойу жашаган убактысынын маанилүү бөлүгү тазалануу жана өзүн каранууга кетет.

Страницы