Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Макалалар

Дин менен илимдин достугу жана кастыгы

Илим диний догмаларга кандай карайт, ал эми диндин илимий ишмердүүлүккө көз карашычы? Динсиз илим, же илимсиз дин болушу мүмкүнбү?
Алгач дин менен илимдин айырмасына токтолсок. Эгер кыскача аныктама бере турган болсок, диндин негизин ишеним түзөт. Башкача айтканда, “ыйык” деп эсептелген абстрактуу нерселерге ишенүү дин болсо, кандайдыр бир проблеманы чечүү үчүн фактыларга таянуу изденүү же илимге кирет. (изилдөө). Атап айтканда, динде “ишеним”, ал эми илимде “изденүү”, “изилдөө” басымдуулук кылат.

Тарых сабактары

Даражаны бийик кылуучу сырлар

Адамдардын көзүнө сулуу көрүнүү үчүн сырткы көрүнүшүңдү өзгөртө албайсың, бирок адептүүлүгүң менен адамдарга сулуу көрүнүшүң мүмкүн.
"Сообу көп амалдарды билген адам жок дегенде бир жолу ошол амалды аткаруусу зарыл. Такыр аткарбай таштап койгону жакшы эмес, күчү жеткенче аткарганга аракет кылуусу керек.
Сүйүүнүн эң жогорку деңгээли: Алла Таала сени жакшы көрүп, Өз сүйүүсүн адамдардын жүрөктөрүнө салганы жана адамдардын сени жакшы көргөндүгү.

Ысырапкерчилик

Бардык мактоолор бүткүл ааламдын Жаратуучусу Аллах Таалага болсун. Биз Аллах Тааланы мактоого муктажбыз, Андан жардам сурайбыз, Андан кечирим сурайбыз жана Андан бизди туура жолго салуусун сурайбыз. Аллах Таала кимди туура жолго баштаган болсо, аны эч ким туура жолдон адаштыра албайт. Кимди адаштырган болсо, аны эч ким туура жолго баштай албайт. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Анын эч кандай шериги жок. Бардык маклуктардын жакшысы, пайгамбарлардын улугу болгон Мухаммад (с.а.в) га Аллах Тааланын саламы жана рахматы болсун.

Жасануу туралуу исламда

Чачы түшкөн адам чачтын чыгышына дарылыгы бар каражаттарды колдонууга болот.

Ак түшкөн чачты боёого уруксат берилет. Бирок бирөөнү (маселен, үйлөнө турган кызды) алдоо үчүн эркек адам ак түшкөн чачын карага боёшу туура эмес.
Аял кишиге тек күйөөсү үчүн гана жасанышына (анын ичинде макияж колдонушуна) уруксат берилет.

Денеге сүрөт (татуировка) тарттыруу арам болуп эсептелет.

Аллахтын кудуретин толугу менен түшүнүү кандай болот?

Адам ар күнү ойгонгондон баштап эле, Аллахтын ага берген ниметтерин (жакшылыктарын) көрө баштайт. Дем ала алат, көрө алат, уга алат, ойлоно алат, жүрөгү согот, клеткалары жаңыланат. Курсагы ачат, тамак жейт, андан ырахат алат, кубат алат. Суусайт, суусунун кандыра алат. Сүйлөй алат. Булар Аллахтын инсан үчүн жараткан жакшылыктарынын болгону бир канчасы гана. Жакшылыктарды баалай алган инсан үчүн эң негизгиси Аллахтын күчүн толугу менен түшүнө билүү болуп саналат. Себеби, Аллахтын урматы аябай бийик, бардык нерсенин ээси, жаратуучусу.

Аллахтын ыраазычылыгынын эң жогорусун тандоо деген эмне?

Турган жериңиз ири сел кырсыгына кабылса эмне кыласыз? Эң жогорку кабатка чыгып кутулууну күтөсүзбү же суу жогорулаган сайын бирден кабат өйдөгө чыгасызбы? Эң жогорку кабатка чыгууда тепкичтерди колдоносузбу же лифттиби? Мындай учурда адамды куткара турган эң натыйжалуу жолду тандоо акылга ылайык болот. Адам лифтти колдонуу менен эң жогорку кабатка чыгуу менен кыла ала турганынын эң жогоркусун кылган болот. Демек бул «эң жогоркусун тандоо» болот.

ӨЛҮМ СИЗГЕ АР ДАЙЫМ КЕЛИП КАЛЫШЫ МҮМКҮН

Ар бир адамдын өз жашоосу боюнча бүтпөгөн пландары бар.
Мектепти бүтүрүү, университетке кирүү, аны бүтүрүү, жумушка ээ болуу, үйлүү болуу, үйлөнүп, бала-чакалуу болуу, баласын чоңойтуу, пенсияга чыгуу, бактылуу бир жашоого жетүү сыяктуу...

Чындыгында болсо бул пландарынын эч бирөөсүнүн ишке ашышы так белгилүү эмес.

Бала кезиңизден бери пландаган жумушуңузга кире албашыңыз мүмкүн.
Бүгүн кечки тамак үчүн бирөөгө сөз берип, бирок бара албай калышыңыз мүмкүн.

“Терроризм” деген эмне?

Терроризм – бул, саясий жана экономикалык максаттарга мыйзамсыз жолдор менен жетүүгө аракет жасоо. Терроризмдин негизги максаты – кандайдыр бир чакырыкка же болбосо саясий келишпөөчүлүккө коомдун көңүлүн буруу, башкача айтканда, саясий бийликке таасир көрсөтүү жана коомду коркутуу. Учурда, терроризмдин стратегиясы өнүккөн доорго жана социо-экономикалык түзүлүшкө жараша бир топ өнүгүп, улам барган сайын кеңири аймакты камтууга умтулууда. Дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү бет алган багыты экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды тирештирип, таасир талаштырып турат.

МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮН КАДЫРЫ.

Аллах Тааламдын биз пенделерге берген чексиз нээматтары,ырыскылары бизге берилген мүмкүнчүлүк. Сага ушундай керемет мүмкүнчүлүк берилген, бирок сен билсең гана?! Сага мүмкүнчүлүк берилген каалаган жериңе басып бара аласың,каалага убакта чуркап,каалаганда бийлеп баса аласың! Сага мүмкүнчүлүк берилген каалаган жумушуңду кылып,каалаган тамагыңды жасап,өзүңдүн мүктаждыктарыңды жасай аласың! Сага мүмкүнчүлүк берилген ,бул ааламдын кооздугун көрөсуң,жаңырып турган добушту ,сени чакырса ,сага сүйлөсө кеичиликсиз угасың! «Аллах силеди көрүнгөн -көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп таштады ». (31:20)..

Страницы