Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Макалалар

Ырыскынын канча түрдүү болоорун билесизби?

Ырыскы эки түрдүү болот
1. Убактылуу.
2. Түбөлүктүү.

Убактылуу ырыскы: Сиздин мүлкүңүздө болуп туруп, бирок Алла Таала Өзү каалаган кезде алып койгон ырыскы. Демек бул түбөлүктүү эмес, убактылуу гана ырыскы... Мисалы: Айдап жүргөн унааңыз, иштеген жумушуңуз, аялыңыз, же жашап жаткан үйүңүз, ушулардын бардыгы сиздин ырыскыңыз, бирок булардын бири да түбөлүктүү эмес..

Падышалык даража

Адамдардын даражалары ар түрдүү болот. Эгерде сиз падышалык даражага жетсеңиз, анда дебаттарда же кимдир бирөө менен талашып кеткен кезде одоно мамиле кылуудан сактана аласыз. Ал эмес каршыңызда турган адамды сенин айтканың туура эмес деп айтууга да аракет кылбайсыз. Кээде сиз айтпаган сөздү айтты деп, сизди жалганчыга чыгарган адамдарда кездешет, бирок сиз аларды жалган айттың деп айыбын ачпайсыз, анткени сиз акыйкатты билесиз, ошондуктан анын айткан сөздөрүн катардагы эле сөз катары угуп коёсуз.

“КЭЭ БИР КҮНӨӨЛӨР БАЛДАРГА БЕРГЕН ТАРБИЯНЫН СЕБЕБИНЕН КЕЧИРИЛЕТ”

Ата-эненин балага берген эң жакшы белеги — аларга туура тарбия берүү. Бала тарбиялоо эң баалуу жана эң сооптуу кесип. Ошол кесипти аркалоодо ата-эне көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп, балдарына туура тарбия берүү үчүн түнү-күнү жан үрөп аракет кылышат. Ислам аалымдарынын бири айтат: Алла Таала ата-энелердин кээ бир күнөөлөрүн балдары үчүн тарткан түйшүктөрүнүн себебинен кечирет. Эгерде балдарыңыз бакыртып, кейитип, кыйнап сизди чарчатып жаткан болсо, ага такыр кейибеңиз.

Бактылуу болуштун сыры

Адам баласынын турмушунда максатсыз жашоо болбосун жакшы түшүнөбүз. Башка жаныбарлардан, тирүү жандыктардан айырмаланып, адам баласы максатсыз жашабайт. Жашоодогу максатыбыз көпчүлүк учурда бактылуу болушту самайбыз. Бакыт өзүнөн өзү келбейт. Бактылуу болушту кааласаң ага адал оюң, ак тилегиӊ, ак эмгегиң, ак ниетиң менен аракет жасасаң ага жетээриң бышык.

Ислам дини улутка бөлбөйт

Ислам дини Кыргызстанда ар түрдүү улуттардын башын бириктире алабы? Кыргызстанда 80ге жакын улут жашайт. Ал улуттардын көпчүлүгү мусулман динин тутунат, бирок эмне үчүн алар исламдын айланасында бириге албай жатышат?
Улуттук азчылыктардын диний лидерлери менен муфтияттын мамилеси кандай, мусулмандар жамааты улуттук өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнөбү? Ушул жана башка суроолорго президенттик аппараттын этностор аралык мамиле жана дин тармагындагы саясат бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов жана Кыргызстандын муфтийинин орун басары Аким Эргешов жооп берди.

ИСЛАМ ДИНИН КАБЫЛ АЛГАН ИНСАНДАР

Доктор Ж. Миллер Канада боюнча христиан динин жаюуда эң белгилүү болгон доктор Ж. Миллер ислам динин кабыл алып, Канадада эң чоң ислам жаюучулар катарына кирген. Ал убагында, бир гана эң активдүү христиан миссионери болбостон, Инжил китебин эң жакшы билүү менен да башкалардан айырмаланып турган.

Кыргызстандын чүрөгү: оронгон жоолугум карьерама жолтоо болбойт

Кыргызстан сулуусу атыккан Айкөл Аликжанова жашоого болгон багытын эмне себептен өзгөрткөнүн Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.
Актриса, модель, "Кыргызстан сулуусу-2014" жана "Интернет KG сулуусу-2012" наамдарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова хиджап кийди. Сулуу кыздын мындай кадамы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты.

Ислам – жашоо жолу

Бүткүл ааламды Өзүнүн чексиз мээрими менен жаратып, жүргүзүп, көзөмөлдөп, адам баласына сый-урмат берип, мезгил-мезгили менен пайгамбарларын жиберип, өмур, перзенттерди тартуулап, ырыскы-насибин берип турган Алла Таалага чексиз шүгүрлөр, чексиз алкыштар болсун. Ал жаратылган махлуктарына окшобойт, шериги, окшошу, теңдеши жок, бардык айыптардан таза, бардыгына, өтө адилет, чексиз ырайымдуу Зат. Ал биз менен сиздерди айбан, жырткыч макулуктарынан айырмалап, шайтандай эмес акыл-эстүү адам болуп жашасын деп, Өзүнүн акыркы Ислам динин тартуулаган.

Өлүм менен жашоо эмне деп сүйлөшөт билесизби?

Өзгөрүүсүз өнүгүү мүмкүн эмес, ошондуктан акылын, ой-пикирин, жан-дүйнөсүн өзгөртө албагандар эч нерсени өзгөртө алышпайт.

Базарда бир киши бал сатып соода кылса, анын жанында дагы башка бирөө уксус сатып соода кылчу. Соодасы ойдогудай болбой жаткан бал саткан сатуучу уксус саткан кишиден:

-Эмне үчүн адамдар менден даамдуу бал сатып алышпайт да, сен саткан жыты жагымсыз уксусту сатып алышат? - деп сурайт. Уксус саткан сатуучу:

Кыргызча кийингенге шарият эмес шарт мүмкүнчүлүк бербейт

Талашка түшкөн көрнөктү президент колдоого алгандыгы бир жагынан коомчулукту ого бетер таң калдырса, экинчиден ага кыжырдангандардын да болгондугу анык байкалууда. Андай болсо Европага үндөлүп, кыска жана ачык кийип жүргөндөрдүн да дарегине эскертүү айтылуусу керектигин айтып, демократиялык мамлекетте тең укуктуулук сакталсын деген жүйөлүү далилдерин билдиришти. Ошол себептүү шарияттын талабына жараша кийинген айымдардын улуттук колориттеги кийимдерди кийбей жаткандыгын изилдеп көрдүк.

Страницы