Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Макалалар

Орозо адамды кандай өзгөртөт?

Мусулмандар эңсеп күткөн Ыйык Рамазан айынын кирип келерине 1 айдан кем убакыт калды. Ар бир мусулмандын 5 парзынын бирөө болгон орозо кармоонун мааниси - жөн гана тамак-аш, суусундуктардан баш тартуу эмес. Орозо кармоо 1 айдын ичинде өзүбүздүн ким экендигибизди, Жаратуучубузду таанып, жашоо тууралуу терең ой жүгүртүүгө багыттайт. Окумуштулардын адамдагы адаттар 21 күн, же 1 айдын ичинде калыптанары туурасында бир топ эмгектери бар. Анын сыңарындай, жан дүйнөнүн улуу мектеби болгон Рамазан айында адам өзүн жакшы жакка өзгөртүүсү толук мүмкүн.

Мусулман үчүн напси менен күрөшүүнүн мааниси

Напси- рух жана жашоо дегенди түшүндүргөнү сыяктуу арзуу жана каалоо, б.а дененин жаман жана керексиз каалоолору дегенди туюнтат. Ислам салтында напси көбүнчө адамдардын ички дүйнөсүндөгү жаман сезимдердин, мыйзамсыз каалоолордун булагы деген мааниде колдонулган. Ошондуктан ички суракка алуу болгон напси менен күрөшүү мусулман үчүн абдан маанилүү болуп саналат.

Орозолууга 6 кеңеш

Ыйык Рамадан айынын кирип келерине саналуу гана күндөр калды. Бир жыл бою чыдамсыздык менен күткөн куттуу айга мусулмандар азыртадан тарта даярдана башташат. Үйлөрдү тазалоо, убакытты туура бөлүштүрүү, уйку режимин көзөмөлгө алуу, оор иштерди азыртадан эртерээк бүткөрүп, орозо учурунда өзүңдү ашыкча жумуштар менен кыйнабоо жана албетте туура тамактануу.

Орозо кармаган адам болжол менен 16 сааттай ачка жүрөт. Андыктан, орозолуу адам саарлык (оозду бекитүү) жана ооз ачкандагы тамактарына өзгөчө көнүл буруп, алдын-ала пландап алганы оң.

Кайсыл учурда шайтан тамакка аралашат?

Пайгамбардын ﷺ тарбиялоо жол-жобосу. Балдарыңарды дасторконго отурганда бисмиллах-ты айтуу адебине тарбиялоодо ушул ыкмаларды колдонсоңуз пайдасы көп болот, Аллах кааласа!
≼ Аллахтын элчиси ﷺ менен тамакка бирге отурган кезде – ал колун сунуп, биринчи баштамайынча – биз колубузду сунчу эмеспиз.

“Ислам дини аялга өзгөчөлүктү берген”

Эркектер эмес, аялдар деген сүрөө бар .Ислам дининде аял затынын орду өтө бийик. Мисалы, Куранда эркектер деген сүрөө жок. Аялдарга арналган сүрөө бар. Аял заты бул коомдун келечеги. Биз канчалык энелерибизди, аялдарыбызды урматтап, сыйласак, демек, бул коомдун келечеги болот. Бир кызбы, же эки-үч кыз болобу динде жакшы тарбия берсе ал ат-эне бейишке чыгат. Бул жерде кыз балага өзгөчөлүктү берген ислам дини болуп жатат.

Чыныгы илим

Илим үзгүлтүксүз өнүгүп турат. Ушул себептен азыркы күндө илим менен чындыкты акыркы точкасына жеттик деп айта албайбыз . Чындык катары эсептелип, көрүнгөн көп нерсе – чындык эмес балким анын көлөкөсү болушу мүмкүн. Эртеңки күнү эмне боло тургандыгын азыртадан билүү мүмкүн болбогон сыяктуу, адам баласы ой жүгүртүп, изилдеген сайын жаңылыктарга жетет жана дүйнө жүзү тургуча бул улана берет.

ЖҮРӨК ЖАНА РУХ

Жүрөк дегенде эң оболу ойго келе турган нерсе, көкүрөктүн сол тарабында, нерв тамырлары жана булчуңдардан турган, адам баласынын мүчөлөрүнүн ичинен өзү кыймылда болгон, вена жана артериялардын түбү, борбордук чекити; дем алуу органдары жана өпкөнүн кыймыл-аракеттери менен дагы байланышы болгон, балатынын тобурчагынын түзүлүшүндөгү баарыбызга тааныш орган. Бирок, биз бул жерде жүрөктүн материалдык жагын эмес, көңүл деп аталган, жан дүйнөнүн негизги төрт элеменинин бир, бүтүндөй сезим, ой-пикир жана руханий дүйнөбүздүн чордону болгон жүрөк туурасында токтоло кетмекчибиз.

Оң жак капталыңыз менен жатыңыз

Илгертен эле чоң ата, чоң энелерибиз деле "оң жак капталың менен жат"-деп келишет. Ал эми медицина илиминин доктору Каспар Буркхардт Мейкердин айтымында "эгер адам дайыма сол жак капталы менен жатса анда, жөтөл пайда болуп, дем кысылып, жүрөк кыйналат. Себеби, мындай абалда жатканыңызда жүрөктүн кан айланууга жооп берүүчү сол ашказанчасына күч келет. Буларга кошумча организмге көп сандагы "стресс гормондору" ыргытылат.

ИГИЛ тобунун 13 ачык адашуусу

Азыркы күндөрдө пайда болгон, өзүн Ислам мамлекети (ИШИМ — Ирак менен Шамдын Ислам мамлекети) деп тааныштырган топтун Исламга эч кандай тиешеси жок.

Алардын сүйлөгөндөрү Куран, Хадис жана илгерки сүннөт аалымдарынын сөздөрү болгону менен – бул жөн гана алардын адашуусун жашыруу үчүн айтылган сөздөр. Чындыгында алар Куранды да, Хадистерди да, аалымдардын сөздөрүн да түшүнүшпөйт.

Бүгүнкү күндө бир дагы Ахлю-с-Сунна аалымы аларды колдобойт. Тескерисинче, аларды адашкан агым ХАРИЖИТТЕР деп өкүм беришип, жаштарды аларга кошулуудан кайтарышууда.

Илим - адамдын бейишке кирүүсүнө себеп болот

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Аллах Таалага чексиз алкыш-мактоолор, пайгамбарыбыз Мухаммадга салам-дубалар болсун.

Страницы