Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Макалалар

Мухаммед алейхиссалам

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) 571-жылы Чын куран айынын жыйырмасына дал келген Рабиул аввал айынын он экисинде, Дүйшөнбү күнү таңга маал Мекке-и Мукаррама шаарында дүйнөгө келген. Дүйнөнүн бардык түпкүрүндөгү мусулмандар жыл сайын ушул түндү мавлид түнү катары белгилеп келишет. Атасы Абдуллах эрте кайтыш болгон. Энесинин аты Амина, чоң атасынын аты Абдулмутталиб болгон. Курайш уруусунун Хашим уулдарынан чыккан. Алты жашында энеси, сегиз жашында чоң атасы Абдулмутталиб кайтыш болгон. Абдулмутталиб Курайш уруусунун башчысы эле. Анын он эки уулу, алты кызы болгон.

Аллах жолундагы достук жана душмандык

 

Күнүмдүк турмуш ар түрдүү мамилерден турат жана ал адамдардын карым катнашындагы өзөк маселе. Адам айлана чөйрөгө ыйманына жараша мамиле түзөт. Ислам коомунун пайдубалы - момундардын өз ара мамилелеринин Аллахтын  буйругуна жана пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ылайык  уюштурулат. Бирөөнү Аллах үчүн жаман-жакшы көрбөгөн адам ыйман жана ислам рахатынан лазаттана албай өтөт.

Жалган айтып шылдыңдоо жаман сапат

Жалган айтуу бул адамзат үчүн эң эле жаман сапат жана эки жүздүүлүк.
Жалган  айткан киши эки жүздүү болуп бааланат. Жалган айтуу бул чоң күнөө болуп саналат. Канчалык ибаадат кылсак да жалган айтуу менен аны жууп салабыз. Андыктан биз эч качан жалган сүйлөбөшүбүз керек. 

Чоочун (намахрам) аялдарды жана эркектерди кароо

Аялдарга да эркектерге да зарыл жагдайдан сырткары кароо же кумарлануу менен кароо күнөө. Аяти каримада мындай мааниде буюрулган:

"Эй, Расулум, момундарга айт, харамга карашпасын жана аврат жерлерин харамдардан коргошсун! Ыйманы болгон аялдарга да айт, харамга карашпасын жана аврат жерлерин харамдан коргошсун”. [Нур 30]

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды:

"Эркектин аялды, аялдын да эркекти [кумарлануу менен] кароосу харам.” [Таберани]

Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөсүндөгү абалы

Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөсүндөгүлөргө болгон мамилеси аны дагы жакындан билүүгө жардамчы боло алат. Пайгамбарыбыздын (САВ) бардык абалынан үлгү алынгандай эле, үй ичиндеги абалдары жубайлары жна жакын туугандары тарабынан бизге жеткен. Аллахтын элчисинин (САВ) башка адамдарга болгон мамилеси кандай жакшы болгон болсо, үй бүлөсүндөгүлөргө да ошондой жакшы, жагымдуу мамиле кылган. Төмөндө сиздерге, ар бир абалынан өрнөк ала турган пайгамбарыбыздын (САВ) үй ичиндеги абалын тааныштырып өтмөкчүбүз.

Үлгүлүү энелер

Коом энелерге жараша калыптанып өзгөргөндүгү маалым. Эркек киши үй- бүлөсүн багыш үчүн аялынын колдоосу, жөлөгү менен киреше табат. Күнүмдүк турмуштун запкысынан чарчап чаалыгып үйүнө кайтканда, аларды кулуп-жайнап тосуп алган, кайгы-капасына тең ортоктош болгон сүйүктүү жарлар бактылуу да, барктуу.

Ыймандуу үй-бүлөнү кантип курабыз?

Үй-бүлө курууга берген багыттоосуна Ислам жубайга эмес кызга үйлөнүүгө багыт көрсөтүп, артыкчылыгын баяндоо менен эгерде күйөө бала экинчи жолу үйлөнүп жаткан болсо жана анын энелик камкордука муктаж жаш балдары болсо (бул биринчи аялы кайсы бир себеп менен каза таап же талак алып калган учурда) бул учурда жубан алуу жакшыраак болот деп белгилеген. Себеби анын үй жумушун башкарууда, күйөөсүнүн мал-жанын тутканга жана баланы тарбиялоого көбүрөөк тажрыйбасы бар. 

Ислам дининде үй-бүлө

Ислам дини өзгөчө маани берген маселелердин бири – бул үй-бүлө маселеси. 

Адамзат урпагынын уучун таза улоо үчүн үй-бүлө куруу өзүнчө зарылдык. 

Мына ошондуктан Ислам дининде үй-бүлө ийне-жибине чейин иликтелип, ага тиешелүү эреже-мыйзамдар белгиленген. 

Анда аял менен эркек шарияттын негизинде нике аркылуу гана үй-бүлө түзө алуулары, ал эми мындан сырткаркы (никесиз) бирге болуу байланыштары чоң күнөө катары каралган. 

Жар тандоо

Үй- бүлө – бул кичинекей коом жана бир чоң коомдун башаты. Үй- бүлө кандай болсо, коом дагы ошондой болот. Ислам дини үй- бүлөнүн куралышына өтө маани берген. Үй- бүлө алгач аял менен эркектин баш кошуулары менен башталаары маалым. Андыктан бул жерде биринчи жар тандоо маселеси козголот. Балакатка жеткен, үй- бүлө курууга даяр ар бир адам өзүнүн элесинде болочок жарынын үлгүсүн алып жүрөт. Бардык жагынан төп келген, сулуу, да бай да, ыймандуу же жөн эле адеп- ахлактуу, сабаттуу жана башка мыкты сыпаттарды бардык адамдар сүйөт.

Мухаммад (с.а.в) - адеп-ахлактын үлгүсү

Бисмиллахи ррахмаани ррахийм. Эгерде биз тарыхта жашап өткөн улуу инсандар тууралуу айта турган болсок, биринчи эле элесибизге Ислам пайгамбары Мухаммад (с.а.в) келет. Ал Азирети тууралуу канчалык жазсак, канчалык айтсак дагы жетишсиз. Анын жашоо амалы бир гана мусулман үмөтүнө эмес, бардык адамзаттарга үлгү.

Страницы