Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

Макалалар

Мусулман үчүн напси менен күрөшүүнүн мааниси

Напси- рух жана жашоо дегенди түшүндүргөнү сыяктуу арзуу жана каалоо, б.а дененин жаман жана керексиз каалоолору дегенди туюнтат. Ислам салтында напси көбүнчө адамдардын ички дүйнөсүндөгү жаман сезимдердин, мыйзамсыз каалоолордун булагы деген мааниде колдонулган. Ошондуктан ички суракка алуу болгон напси менен күрөшүү мусулман үчүн абдан маанилүү болуп саналат.

Мусулман үчүн өзүнө келүү мүмкүнчүлүгү катары тообо кылуу

Ислам түшүнүгү боюнча күнөө Алланын буйргу жана тыюу салууларына шайкеш келбегендик болуп саналат. Пайгамбарыбыз күнөөнү : «Адамдын ичин тытмалаган жана эч кимдин билүүсүн каалабаган нерсе»,- деп аныктаган. Тообо болсо, Аллага кайтуу жана багыт алуу деген мааниге келет. Мусулмандын билип туруп же билбестен жасаган күнөөлөрүнө өкүнүшү, кайрадан ал жаңылыштыктарды кылбоо ниетине кайтуусу, Аллага багыт алуусу жана андан кечирим суроо деген мааниге келет.

Ислам дининин алдыңкы өзгөчөлүктөрү

Ислам дининин эң негизги өзгөчөлүгү тевхид (Жалгыз Кудай) ишеничи болуп саналат. Мааниси жагынан биригүү дегенди туюнткан тевхид, Алланын бар экенин, жалгыз экенин жана теңдеши жок экенин билүү жана ага ишенүү дегенди билдирет. Бул ишенич «Лаа илааха илла Алла» келимеси менен айтылат. Ушундан улам буга келиме-и тевхид деп айтылат.

Куранда «Лаа илааха илла Алла» келимесинин мааниси: Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен Аллах Жалгыз! Аллах эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн! Ага эч ким теңдеш эмес! деп жазылган.

Ата-энеге дуба кылуунун пайдасы

Күндөрдүн биринде Азирети Алиге бир киши келип: Эмнегедир ырыскым тарып баратат, - деп арызданат. Анын себебин билгиси келген Азирети Али тиги кишиден: Мүмкүн сен өзүңө тиешелүү болбогон калем менен жазып жаткан чыгарсың? - деп сурайт. Тиги киши: Жок, мен өзүмдүн эле калемим менемн жазам, - дейт. Азирети Али: Анда сен сынык тарак менен чачыңды тарап жүрбө? - деп сурайт. Тиги дагы: Жок, - деп жооп берет. Азирети Али: Андай болсо сен өзүңдөн жашы улуу адамдардын алдында басат окшойсуң? - дейт. Тиги: Жок, мындай кылбайм, - дейт.

Исламда ыбадаттын мааниси

Ыбадат Улуу Аллага тазим кылуу үчүн аткарылган кыймыл. Ыбадат жасалуусу сооп болгон жана Аллага жакындыкты билдирген кыймыл аракет. Адамды Алла катында баалуу кылган нерсе аң – сезим. Адамдын абалын түздөн түз Аллага билдирүүсү. Өспүрүм чагына келген мусулман ыбадат кылуу менен жооптуу.

Пайгамбарга ыйман келтирүүнүн жеке инсан жана коомдук жашоо үчүн мааниси

Алла Таала адамды дүйнөлүк жашоосунда ээн эркин жана жалгыз калтырган эмес, элчиси катары пайгамбарларды жиберген, пайгамбарлар аркылуу китептерди жөнөтүп аларды туура жолго түшүрүүнү максаттаган. Адам акыл-эске ээ болгон жандык катары жаратылган. Көптөгөн жөндөмдүүлүктөрү бар. Бирок Аллаанын буйрук жана тыюу салууларын билүү, чындык жана туураны түшүнүү, Аллаага кантип ибадат кылына турганын үйрөнүү үчүн пайгамбарларга жана китептерге муктаждык бар. Алла Таала ар бир мезгилде адамдардын арасынан тандаган пайгамбарларды жөнөтүп бул муктаждыкты жойгон.

Ислам дининде ырыскы түшүнүгү жана адал эмгектин мааниси

Куранда «Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен. Ал силерге сураган нерселериңердин баарын берди. Эгер силер Алланын берген жакшылыктарын эсептеп көрсөңөр, аны санап бүтө албайсыңар” деп буйрук кылган. Ырыскы дүйнө жүзүндөгү нематтардан кишинин үлүшүнө түшкөнү. Алла Таала ар бир жандууга насип кылган, алардын материалдык жана руханий жашоолорунун уланышын камсыздаган нематтар болуп эсептелет.

Ислам боюнча шайтандын жарылышынын себептери, калп айтуу жана мындан кутулуунун жолдору.

Ислам боюнча шайтандын жарылышынын себептери, калп айтуу жана мындан кутулуунун жолдору.

Анын чыныгы аты Иблис болгон шайтан, жиндер сыяктуу оттон жаралган. Кызматы Аллага кулдук кылуу болуп саналат. Адам баласы жаратылгандан мурда периштелер менен бирге жашаган. Азирети Адамдын жаратылганына көрө албастык кылып, Алланын «Адамга сажда кыл» деген буйругун орундаткан эмес. Текеберлигинен улам Алланын каргышына калган.

Оюнга көз карандылык: ал эмне?

Убакыттын өтүшү менен, адамзаттын жашоосунда көптөгөн нерселер өзгөрүп жатат. Кээ бири жакшы жагына өнүксө, башкасы — тескери жакка. Күн сайын оожалып баратканы, адамдын терс сапаттарынын бири болгон кумарпоздук.

Бул фактыны компьютердик оюндардын мисалында карамакчыбыз. Чындыгында, ал «атышуубу», «кыдыруубу», «онлайнбы» же башкасыбы айырмасы деле жок.

Ушак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?

Адамдар тарабынан көп жасала турчу күнөөлөрдүн бири - ушак айтуу (гыйбат). Аллах бул жаман адатты каза болгон бир тууганынын этин жеген иш-аракет менен салыштырган. А эмнеге дал ушундай салыштыруу болду экен? Себеби, ушакталып жаткан адам өзүн-өзү жаман сөздөрдөн коргой албагандыктан, ал өлгөн адамга салыштырылат. Дайыма бирөөнүн артынан сүйлөө адатка айланып кетүүсү мүмкүн.

Страницы