Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Ыйман жана Амал

Кадыр түн

Кадыр түндүн артыкчылыгы тууралуу Алла Таала мындай дейт:

" لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ" سورة القدر (٣).

"Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак", Кадр сүрөсү 3 чү аят.

Орозо адеп-ахлагыбызды жакшыртат

Орозо, бизге ар дайым Алла Тааланы эскертет, жоопкерчилик сезимин ойготот. Жүрөгүбүздү жаман ой-пикирлерден алыстатат, башкаларга жамандык кылуудан коргойт.

Сыйга татыктуу болуунун 8 жолу

Ар бир адам сый-урматка татыктуу болуп жашоону каалайт. Сый-урматка татыктуу болуунун да жолу ар түрдүү. Бирөө байлыгы, бирөө таланты, дагы бирөө мүнөзү аркылуу сый топтойт. Төмөндө эл алдында сиздин кадырыңызды көтөрө турган кээ бир эрежелерге токтолобуз. Оболу, өзүңдү жакшылап таанып ал. Өзүңдүн жакшы жана жаман сапаттарыңды иликте.

Исламда ыйык күндөр

Коомдор үчүн кээ бир күндөрдүн, убакыттардын өзүнчө мааниси бар. Кандайдыр бир күндүн, мезгилдин, убакыттын ыйыктыгы бир гана Алла же Азырети Пайгамбардын ал мезгилге баа берүүсү менен болот. Ушунун негизинде Рамазан айы, Кадыр түн, жума күнү жана бул күндө дуалар кабыл болгон мезгил тилими мубарек деп кабыл алынган. Акыйкаттан да Кураанда же хадистерде булардын ар бирине баа берилген. Кураан же Азырети Пайгамбар тууралуу кээ бир маанилүү окуялар бул мезгил тилимдерине баа берген.

Мусулман үчүн напси менен күрөшүүнүн мааниси

Напси- рух жана жашоо дегенди түшүндүргөнү сыяктуу арзуу жана каалоо, б.а дененин жаман жана керексиз каалоолору дегенди туюнтат. Ислам салтында напси көбүнчө адамдардын ички дүйнөсүндөгү жаман сезимдердин, мыйзамсыз каалоолордун булагы деген мааниде колдонулган. Ошондуктан ички суракка алуу болгон напси менен күрөшүү мусулман үчүн абдан маанилүү болуп саналат.

Мусулман үчүн өзүнө келүү мүмкүнчүлүгү катары тообо кылуу

Ислам түшүнүгү боюнча күнөө Алланын буйргу жана тыюу салууларына шайкеш келбегендик болуп саналат. Пайгамбарыбыз күнөөнү : «Адамдын ичин тытмалаган жана эч кимдин билүүсүн каалабаган нерсе»,- деп аныктаган. Тообо болсо, Аллага кайтуу жана багыт алуу деген мааниге келет. Мусулмандын билип туруп же билбестен жасаган күнөөлөрүнө өкүнүшү, кайрадан ал жаңылыштыктарды кылбоо ниетине кайтуусу, Аллага багыт алуусу жана андан кечирим суроо деген мааниге келет.

Ислам дининин алдыңкы өзгөчөлүктөрү

Ислам дининин эң негизги өзгөчөлүгү тевхид (Жалгыз Кудай) ишеничи болуп саналат. Мааниси жагынан биригүү дегенди туюнткан тевхид, Алланын бар экенин, жалгыз экенин жана теңдеши жок экенин билүү жана ага ишенүү дегенди билдирет. Бул ишенич «Лаа илааха илла Алла» келимеси менен айтылат. Ушундан улам буга келиме-и тевхид деп айтылат.

Куранда «Лаа илааха илла Алла» келимесинин мааниси: Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен Аллах Жалгыз! Аллах эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн! Ага эч ким теңдеш эмес! деп жазылган.

Исламда ыбадаттын мааниси

Ыбадат Улуу Аллага тазим кылуу үчүн аткарылган кыймыл. Ыбадат жасалуусу сооп болгон жана Аллага жакындыкты билдирген кыймыл аракет. Адамды Алла катында баалуу кылган нерсе аң – сезим. Адамдын абалын түздөн түз Аллага билдирүүсү. Өспүрүм чагына келген мусулман ыбадат кылуу менен жооптуу.

Ислам дининде ырыскы түшүнүгү жана адал эмгектин мааниси

Куранда «Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен. Ал силерге сураган нерселериңердин баарын берди. Эгер силер Алланын берген жакшылыктарын эсептеп көрсөңөр, аны санап бүтө албайсыңар” деп буйрук кылган. Ырыскы дүйнө жүзүндөгү нематтардан кишинин үлүшүнө түшкөнү. Алла Таала ар бир жандууга насип кылган, алардын материалдык жана руханий жашоолорунун уланышын камсыздаган нематтар болуп эсептелет.

Ушак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?

Адамдар тарабынан көп жасала турчу күнөөлөрдүн бири - ушак айтуу (гыйбат). Аллах бул жаман адатты каза болгон бир тууганынын этин жеген иш-аракет менен салыштырган. А эмнеге дал ушундай салыштыруу болду экен? Себеби, ушакталып жаткан адам өзүн-өзү жаман сөздөрдөн коргой албагандыктан, ал өлгөн адамга салыштырылат. Дайыма бирөөнүн артынан сүйлөө адатка айланып кетүүсү мүмкүн.

Страницы

Подписка на RSS - Ыйман жана Амал

Календарь

Пн
Вт
Ср
Чт
Пт
Сб
Вс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 
July 2018
 

Ай календары

Шавваль - Зуль-ка да 1439
Вс Пн Вт Ср Чт Пт Сб
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18