Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Activities calendar

12 февраля 2018

Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматы акыркы 70 жыл ичинде 2700 кишини өлтүргөн

In Serbia News сайты Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматы ар кайсыл өлкөлөрдө жашыруун террордук операцияларды жасаганы тууралуу баяндама жазды.

Киргизский

Ташкентте Өзбекстан менен Ооганстандын алгачкы коопсуздук жыйыны өттү

Ташкент шаарында Өзбекстан менен Ооганстандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда алгачкы биргелешкен өзбек - ооган коопсуздук жыйыны болуп өттү.

Орусия аскер күчтөрү Сирияны таштап чыгышты

Чеченстандын президенти: Орусиянын аскердик күчтөрү Алепподогу 18 айлык операциясын аткарган соң, Сирия жергесин таштап, ишембиде Чеченстанга кайтышты.

ISNA агенттиги ТАСС маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Рамзан Кадыров мындай деген: Орусия аскерине байланышкан биздин күчтөр Сирия кырдаалынын тынч чечилүүсү жана жайкын тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн өз милдеттерин аткарып, бул өлкөдө убактылуу жайгашкан эле. Кадыровдун айтымында, бул ирет 393 аскер өлкөсүнө кайткан.

Сионисттердин согуштук учагы атып түшүрүлдү

Сионисттик режимдин маалымат булактары режимге тиешелүү согуштук учагынын атып түшүрүлгөн учурун тасмага тартып алышкан.

Fars агенттиги палестиналык Хамастын “Шахаб” маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, режимдин сириялык аскери аркылуу атып түшүрүлгөн учагы басып алынган Голан бийиктиктериндеги жерге кулаган.