Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Activities calendar

09 февраля 2018

Кыргызстан-Тажикстан чегарасында эмне болду?

Ош, 9-февраль, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. 8-февралда Тажикстандын чегарачылары Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чегарачыларынын санын көбөйткөнү кыргыз тарапка түшүнүксүз болду.

Кошуна мамлекет "Кулунду" жана "Кайрагач" чегарасын бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салган.

Кытай полициясы кылмышкерлерди "акылдуу" көз айнектердин жардамы менен кармай баштады

Кытайдын полициясы адамды жүзүнөн тааный ала турган атайын күндөн калкалоочу көз айнектерди пайдалана баштады. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, анын жардамы менен полициячы кылмышкердин ким экенин 100 миллисекунддун ичинде эле аныктап коет.

Жаңы технология полиция кызматкерлерине видеокөзөмөл камералары орнотулбаган жерлерде жардам берет. Укук коргоо органдары атайын көз айнектердин жардамы менен кылмышка шектелген жети кишини колго түшүрүүгө жетишти. Андан тышкары жасалма документ пайдаланып жүргөн 26 киши аныкталган.

Мосулда 750 миң балага саламаттыкты сактоо кызматы жетишсиз

ЮНИСЕФ: Мосулда 750 миңге чукул балдар саламаттыкты сактоо жана базалык терапия кызматтан куру.

ISNA агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, БУУнун балдар фондусу Мосулда 750 миңге жакын балдар саламаттыкты сактоо кызматтарына муктаж экенин билдирди. Ал эми Нейнава провинциясында 10%га жетпеген саламаттык сактоо мекемелери толук иштөөдө. ЮНИСЕФтин билдирүүсүн боюнча, 2018-жылга карата ирактык балдардын дарылануусу үчүн саламаттык сактоо мекемелерди иштетүүгө 17 млн. доллар каражат бөлүнгөн.

Боордун рак оорусунун белгилери кандай болот?

ИИРдин Гепатит менен күрөшүү трамагынын жетекчиси: Дене клеткаларынын бузулушу рак оорусуна алып келет.