Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Activities calendar

07 февраля 2018

Мак Мастер менен Тиллерсон Түркияга сапар тартышат.

Ак Үйдүн Коопсуздук боюнча кеңешчиси менен Американын ТИМ жетекчиси келээрки күндөрү Түркияга сапар тартышаары белгилүү болду. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Түркияныны “Хурриет” гезити Мак Мастер менен Тиллерсон Стамбулга келишээрин жазып чыккан.

Аль-Багдади Ирактын Сот органдарынын издөө салуу тизмегине кирди

Ирактын Сот органдарынын издөө салынган жаңы тизмегине 14 адам, алардын ичинде ИШИМдин жетекчиси Абу Бакр аль-Багдади кирди. ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, “Асуммария ньюс” телеканалы кечээ Ирак Сот органынын издөө салган жынаятчылардын жаңы тизмегин жарыялаган. Жаңы тизмекте 9 ирактык, эки арабстандык, 1 йемендик, 1 иорданиядык жана 1 катардык жаран бар. Эске салсак, Ирак өкмөтү өткөн жекшембиде издөө салынган 60 адамдын, алардын ичинде Ирактын мурдагы диктатору Саддамдын кызы Раъад Саддамдын аты бар тизмекти жарыялаган эле.

Рияд менен Абу Дабий: Эки Ыйык жайды эл аралык кылуу сунушу бул- согуш жарыялагандык!

Арабстан менен БАЭ жетекчилиги Катардын “Мекке менен Мединаны эл аралык кылуу” сунушун катуу сынга алышты. Mehr агенттиги “аль- Аалям” маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Арабастан Падышачылыгынын кеңешчиси Сауд аль- Кахтани Адель Жубейрдин бул тууралуу билдирүүсүн кайрадан Твиттер баракчасына жарыялап чыкты.

Швейцария Рохинжа мусулмандарына 12,9 млн. доллар жардам берет.

Швейцариянын президенти өз өлкөсү Рохинжа мусулман качкындарына 12,9млн. доллар жардам көрсөтөөрүн айтты. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Швейцариянын президентти Алан Берсе Даккага болгон расмий сапарында Бангладештин премьер-министри Шейх Хасине менен жолугушуп, өз өлкөсү рохинжалык качкындарга 12, 9 млн. доллар бөлүп берээрин билдирген.
Bangladesh news 24 гезитинин билдирүүсү боюнча Швейцария президенти бул маселеде качкындарга баш калкалоо берген Бангладешти толук колдоого алууга сөз берген.