Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Activities calendar

04 февраля 2018

Бишкекте Иран кинолорунун жумалыгы болот

7-8-9-февраль күндөрү Бишкектеги А. Осмонов атындагы улуттук китепкананын чоң жыйындар залында иран кинолорунун жумалыгы болот.

Бул маданий иш чара февраль айынын биринчи жарымында белгиленүүчү Ирандагы Ислам Революциясынын 39 жылдыгына арналып уюштурулуп жаткандыгын Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктөн билдиришти.

Кыргызстанда жоолук күнү белгиленип жатат

“Умма” ислам журналы эл аралык жоолук күнүнө байланыштуу Бишкекте иш-чара уюштурду.

Анда аялдарга пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар, сынактар өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, муну менен элге жоолуктун исламдагы, аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу маалымат берүү максат кылынууда.