Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Activities calendar

03 февраля 2018

Ирандыктар өлкөсүнүн саясий структурасын өзгөртүүнү каалашпайт.

Американын Мэриленд ЖОЖунун иликтөөсү боюнча ирандыктардын көпчүлүгү Ислам Республикасынын структурасынын улануусуна макул экени маалым болду. Меhr агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандагы акыркы баш аламандыктарга карата Мэриленд ЖОЖунун иликтөөсүнүн натыйжасынан маалым болгондой, ирандыктардын көпчүлүгү өлкөдөгү Ислам Республикасынын саясий түзүлүшүн колдоо менен андагы эч кандай өзгөртүүнү талап кылбаганы аныкталды. Ошондой эле Вашингтон пост гезити дагы Мэриленддин статистикасы менен бирге өз статистикасын кыскача жарыялап чыккан.

Сионисттик аскердин чабуулунан 20 палестиналык жарадар болду.

Палестиналык маалымат булактар сионисттик аскердин Иерусалимдеги аль- Исавия аймагына кол салуусунан 20дай палестиналыктар жарадар болушканын кабарлады. Mehr агенттигинин Палестинанын “Маъа” маалымат булагына таянып билдирүүсүнө ылайык, сионисттик аскер кечээ жума намаздан соң, Дональд Трамптын Кудс боюнча чечимине жана Тель- Авивдин саясатына каршы демонстрацияга чыгышкан палестиналыктарга чабуул жасашып, 20дайын жарадар кылышкан.
Ошондой эле Газанын чыгыш аймагында 3 палестиналык ок атуудан жаракат алышканын маалым болгон.