Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Activities calendar

02 февраля 2018

Ооганстанда 7 миңге чукул ИШИМ согушкерлери бар.

ИШИМ террордук тобунун 7 миңге чукул согушкерлери жана бир канча миң “запастагылары” учурда Ооганстанда машыгышууда. SHIA-NEWS: Бул тууралуу ОФ президентинин атайын өкүлү, Россия ТИМинин Экинчи Азия департаментинин директору Замир Кабулов билдирди. “Биз ИШИМдин Ооганстандагы бута алуусуна 3 жылдан бери бери байкоо жүргүзүп келе жатабыз. Албетте алардын саны 60-70-миңдик куралчан талибандардын санына жете элек. Биздин баа берүүбүз боюнча ИШИМдин Ооганстандагы саны 7 миң активдүү согушкерлер жана бир канча миң запастагыларга чукулдайт”,-деди Замир Кабулов.

“Бир күн хижаб менен” хэштеги дүйнөлүккө айланды+(фото).

“Бир күн хижаб менен” аталган дүйнөлүк күн бешинчи жылы катары менен белгиленип жатат. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, #worldhijabday хэштеги менен дүйнөгө таралган “бир күн хижаб кийүү” күнү жыл сайын катышуучулардын санын арбытып даңазалуу өтүүдө. Бул элдик аракетти Назме Хан аттуу аял 2013-жылы 1-февралда баштаган. Назме Хан хижабсыз жана мусулман эмес кыз-келиндерди ушул күнү хижаб кийип чыгууларын сунуштаган. Аныны максаты хижабды коргоо жана хижаб кийүү менен адам башкача болуп кетпесин түшүндүрүү, ошндой эле башкаларды хижабчандар менен тилектештикке чакыруу болгон эле.