Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Activities calendar

01 февраля 2018

Орусия менен Сирия келишим түздү

Орусия менен Сириянын ортосунда энергетика секторуна карата кызматташтык келишимине кол коюлду.

Орусиянын Энергетика министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сириядагы электр станциялардын калыбына келтирилиши, жаңыланышы жана курулушуна карай кызматташтык келишимине кол коюлгандыгы белгиленди.

Ушул жылдын аягына чейин жарактуу боло турган келишимге, Орусиянын энергетика министри Александр Новак менен Сириянын энергетика министри Мухаммед Зухайр Харбутлинин ортосунда кол коюлду.

Азербайжандагы кезектеги президенттик шайлоого Илхам Алиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Азербайжандын бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы учурдагы өлкө башчы Илхам Алиевдин талапкерлигин кайрадан президенттикке көрсөттү.

Маалым болгондой, Азербайжанда ушул жылы 17-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Анда Илхам Алиев кайрадан президенттикке талапкер болот. Бул тууралуу партиянын аткаруучу катчысы Али Ахмедов билдирген.

Ахмедов шайлоодо жаштар да Илхам Алиевдиин талапкерлигин колдоп бере турганына ишеничи чоң экенин кошумчалаган.

Орусияда 13 жаштагы кыз зарядка коюлган смартфондон ток уруп каза тапты

Москвага жакын жердеги Серпухов районунда 13 жаштагы кыз зарядка коюлган смартфондон ток тартып каза тапты. Бул тууралуу Вести басылмасы жазды.

Каза тапкан кыздын апасынын айтымында, 13 жаштагы секелек ванна кирип баратып смартфонун жана анын кубаттоочу чубалгысын кошо ала кирген. Көп өтпөй кыздын апасы ваннадан кызынын жансыз денесин тапкан. Ваннага толтурулган сууда смартфон жана кубаттагыч, ошондой эле кыздын денеси болгон.

Учурда бул окуя иликтенүүдө. Алдын ала божомолдор боюнча, кыз электр тогуна урунуп каза тапкан.

Африндин Буки айылындагы чабуулда 15 түрк аскери набыт кетти.

Сириянын “Демократиялык” күчтөрдүн маалыматтар булагы бул аскердин Африндеги Буки аймагына болгон чабуулунда 15 түрк аскери өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Tasnim агенттигинин Russia al-Yaum каналына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, сириялык демократиялык күчтөр тобу Африндеги операциясында 15 түрк аскерин өлтүрүп бир нечесин жарадар кылганын жарыялаган. Белгилей кетсек, Түркия аскери өткөн ишембиден тарта Африндин чет жакаларында жай алышкан “Элдик коргоо”бөлүмдөрүнө тиешелүү болгон сепаратистттерди чыгаруу максатында “Зейтун бутагы” аталган операциясын баштаган эле.

Американын ракеталык сынагы ишке ашкан жок.

Американын Ракеталык коргонуу системасынын сынагы ийгиликсиз өттү. Tasnim агенттигинин Америка ЖМКасына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, америкалык аскердин баллистикалык ракетасынын сыноосу ишке ашпай калды. Американын Ракеталык коргонуу агенттиги бул ракеталык сыноо өткөрүлгөнүн, бирок жакшы натыйжаларга алып келбегинин билдирген. Белгилей кетсек, ракета Гавайда ракета курулуштарынан шаршемби күнү аттырылган. Ал эми америкалык аткаминерлердин айтымында жерден аттырылган ракета Гавайдагы бир учактан ыргытылган ракетаны кесип өтө алган эмес.

Өзбекстандын Улуттук Коопсуздук Уюмунун жетекчиси милдеттен четтетилди.

Өзбекстан УКУсунун 73 жаштагы жетекчиси өлкөнүн президентинин буйругу менен милдеттен четтетилди. Fars агенттиги Дүйшөбүдөн маалымдоосуна ылайык, Рустам Иноятов 22 жылдан ашуун Өзбекстан УКУсун жетектеп келген. Ал эми кечээ өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен өз милдетинен четтетилген. Берилген маалыматтарга караштуу, Иноятов 25-январда отставкага кетүү боюнча өз аразыны президентке берген эле. Анын бул өтүнүчү кабылданып, учурда анын ордуна УКУнун жаңы президенти болуп Ихтияр Абуллаев шайланды.