Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Activities calendar

29 января 2018

Террордук топтун мүчөлөрү кармалды

УКМК контртеррористтик иш-чаралардын натыйжасында эл аралык террордук топтун үч мүчөсү кармады. Алар 1989-жылы туулган М.О., 1964-жылы туулган Ю.М. жана 1965-жылы туулган М.М. аттуу КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жарандары болушкан.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, М.О. аттуу жаран Сириядагы согушка катышып келген. Кийин чогуу кармалган жарандар менен бирге Кыргызстанга келип, эл аралык террордук топтун жашыруун жайын түзүүнү көздөгөн.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сочиде Сириянын“улуттук диалогконгресси”деп аталган жыйын башталат

Сириянын “улуттук диалог конгресси” деп аталган жыйынга катыша турган өлкөлөрдүн биринчи делегациясы Сочиге келди.

Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттарына шилтеме берип кабарлады. RT маалымдагандай, биринчи делегация Дамасктан келди. Кийинки сааттарда дагы бир учак Дамасктан келиши күтүлүүдө. Иран,Орусия жана Түркия тарабынан колдоого алынган Сириянын “улуттук диалог конгресси” деп аталган жыйын Орусиянын Сочи шаарында 29-30-январда өтөт.

Кабулдагы теракт курмандыктарынын саны 100дөн ашты

Кабулда 27-январда болгон теракттан улам каза тапкандар саны 103кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМи Ваис Ахмад Бармакка шилтеме берип, Tolo News басылмасы жазды.

Ал эми жардыруудан жабыркагандардын саны 235ке жетти. Анын ичинен отузу күч органдарынын кызматкерлери. Ошол эле убакта каза тапкандардын да көпчүлүгү полиция кызматкерлери экени айтылууда.

Маалым болгондой, 27-январда Кабулда «тез жардам» унаасы өкмөттүк мекемелер жана элчиликтер жайгашкан жерде жардырылган. Бул теракт жоопкерчилигин «Талибандар» өз мойнуна алган.

Ирандагы катуу карлар

Ирандын түндүк, чыгыш жана батыш провинцияларындагы мектептер катуу жааган кардан соң убактылуу жабылды. Рarstoday: Тегерандын билим берүү башкармалыгы кечээги катуу кардан жана аба ырайдын суугунан улам бардык мектептер убактылуу жабылганын кабарлаган.
Тегерандан тышкары өлкөнүн бир канча провинцияларында, алардын ичинде Альборз, Хамедан, Керманшах, Ардебилдеги мектептер жабылган.
Ошондой эле Ирандын Транспорт жана Жол өнөр жай министрлиги коопсуздуктун жетишсиздигине себептүү өлкөнүн түндүк жана батышындагы айрым жолдорду жабууга буйрук берген.

Дүйнөдөгү эң узун бойлуу эркек менен эң кыска бойлуу аялдын жолугуусу.

Гиннес китебинин рекорддоруна жазылган дүйнөдөгү эң узун бойлуу эркек жана эң кыска бойлуу аял Египетте жолугушту.
Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Sultan Kösen аттуу эң узун бойлуу түрк жараны 246,5 см. бою менен ааламдагы эң узун киши болуп катталган.
Ал эми Jyoti Amge аттуу индиялык аял 62,8 см боюу менен дүйнөдөгү эң кыска бойлуу аял катары жазылган.
Бул экөөнүн рекорддору 2011 – жылы катталган эле.