Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Activities calendar

22 января 2018

Ооганстанда мейманканага кол салуу болду

Кабулда жаңы бир мейманканага куралдуу кол салуу болду.
Ооганстандын борбор шаары Кабулда жаңы бир мейманканага куралдуу кол салуу болду.

Ооган жоопту кызматкерлери 12 сааттан көпкө созулган кол салуунун бардык кылмышкерлердин өлтүрүлүшү менен соңуна чыкканын жарыялашты.

Мейманкага ашканадан кирген кылмышкерлер коопсуздук күчтөрү менен кагылыша кетти.

Мейманкананын биринчи кабатында ок атышуу башталганда кылмышкерлер үстүңкү кабаттарды көздөй качышты.

Сириялык баш калкалоочулар суукта тоңуп көз жумду

Тоолуу аймакта дагы эки сөөк табылды.
Ливандын Сирия чек арасындагы тоолуу аймакта суукта тоңуп көз жумган сириялыктардын саны 17ге жетти.

Ливан армиясынын аскерлери тарабынан тоолуу аймакта табылган сөөктөрдүн 30 жаштардагы аял менен 3 жаштарындагы балага таандык экени белгиленди.

Бул өлүмдөр Ливандын Сирия чек арасына жакын аймакта акыркы 3 күндүн ичинде болду.

Ливан органдары өлкөдө орто эсеп менен бир жарым миллион сириялык баш калкалоочунун бар экенин билдиришти.