Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Activities calendar

08 января 2018

Хадис

Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты :«Карыздар бойдон дүйнөдөн кайткан адам Акырет күнү алган карыздарын динар же дирхам түрүндө төлөөсү мүмкүн эмес. Бирок, өзүнүн соопторун карыз берген адамга берүү менен, анысы да жок болсо, карыз берген адамдын күнөөлөрүнөн өз мойнуна жүктөнүү менен төлөйт».

113-Фалак сүрөсү

بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَقِ (1)
مِن شَرِّ مَا خَلَقَ (2)
وَمِن شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ (3)
وَمِن شَرِّ النَّفَّاثَاتِ فِي الْعُقَدِ (4)
وَمِن شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ (5
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…
1. Айткын: «Баш калкалайм таңдын Эгесине;
2. (Ал) жараткан нерселеринин жамандыгынан,
3. Караңгылык каптаган кезде, анын жамандыгынан,
4. түйүндөргө дем салуучулардын жамандыгынан
5. жана да көрө албастардын көрө албай кызганган жамандыгынан.»

Тарбиялоодогу жоопкерчилик

Азирети Пайгамбарыбызга (САВ) каза болоорунан бир аз мурда Анын өзүнө сездирилген. Ошондо Алла Элчиси (САВ) сахабаларга, “Кул бул дүйнө менен акыреттин бирин тандоого ыктыярдуу болду жана Ал акыретти тандап алды” – деп айтканда, мунун маанисин дароо түшүнгөн Азирети Абу Бакр (РА): “Эй, Алланын Элчиси, энем, атам сен үчүн садага чабылсын!” [35] – деп ыйлаган эле. Ооба, ал кулдун Пайгамбар (САВ) экендигин дароо түшүнгөн болчу.