Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

28 декабря 2017

Египетте 15 террорчу өлүм жазасына тартылды

Египетте 15 террорчу өлүм жазасына тартылды. Алар 2017-жылы Синай жарым аралында болгон терактты уюштургандыгы аныкталган. Ошол окуяда 9 аскер кызматкери жана 300 жай тургундар көз жумган.
Анда Египет президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси өлкөнү светтик нукта өнүктүрүүнү көздөп, аскерлерге үч ай ичинде исламды жамынган куралчан күчтөрдү жок кылууга буйрук берген.

Түркияда мектеп окуучуларына ок атылды

Түркиянын Газиантеп шаарындагы мектептердин биринде 56 жаштагы киши ок чыгарды. Ок атуудан кеминде алты киши жабыркап анын бешөө окуучулар экени айтылууда. Бул тууралуу NTV телеканалы маалымдады.Маалыматта айтылгандай, ок чыгарууга шектелген жаран тойдон көңүл ачып жүргөн жеринен футбол ойноп жаткан окуучуларга ок чыгара баштаган. Жабыркагандар 10 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр. Учурда алар ооруканага жаткырылып, абалы жакшы экени айтылууда.Ал эми полиция учурда кылмышкерди издеп иштерин алып барууда.

Facebook жана Instagram Рамзан Кадыровдун баракчаларын жапты

Чечен мамлекетинин башчысы рамзан Кадыровдун Facebook жана Instagram баракчалары жабылды. Аталган социалдык түйүндөр бул блокаданы Кадыровдун АКШнын санкциялык тизмесине киргизилиши менен түшүндүрдү.23-декабрда Рамазан Кадыров Чечен республикасынын аймагында Mylistory аттуу жаңы социалдык түйүн тесттен өтүп жатканын билдирген. Анын айтымынлда, бул түйүн Facebook жана Instagraмдан калышпайт.Эске салсак, АКШ Кадыровду «террористтик топтор менен байланышы бар» деген шылтоо менен санкциялык тизмеге киргизген.