Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

01 декабря 2017

Афганистандын президенти Ашраф Гани Өзбекстанга расмий сапар менен барат

Афганистандын президенти Ашраф Гани Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кабул-Ташкент аба каттамынын ачылыш аземинде белгилүү болду.
4-декабрга болжолдонгон жолугушууда эки тарап, экономикалык кызматташуу жана Өзбекстандын транспорттук байланыш жаатындагы биргелешкен долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгүн такуулашмакчы.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун айтымында, Афганистандагы кырдаалга карабастан соода-экономикалык кызматташуну өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатат. Жана коңшу катары эки өлкөнү тарыхый, маданий жана гуманитардык байланышы бар.

Адам Укуктары жана Эркиндиктери Уюму ИХХ азык - түлүк пакетин таркатты

Адам Укуктары жана Эркиндиктери Уюму Дамасктын Чыгыш Гута аймагында кыйын шарттарда жашап жаткан 5 миң бала үчүн азык - түлүк пакетин таркатты.
Адам Укуктары жана Эркиндиктери Уюму ИХХнын Гуманитардык жардам фонду Сирияда Башар Асад режими блокадага алган борбор шаар Дамасктын Чыгыш Гута аймагында кыйын шарттарда жашап жаткан 5 миң бала үчүн азык - түлүк пакетин таркатты.

Йеменде кол салуу болду

Йемендин чыгышындагы Шебведе куралдуу бир топ жасаган кол салууда 5 аскер каза болду. Ким экендиги азырынча белгисиз куралдуу топ шаардын батыш жагында Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалицияга караштуу Шебваниййе атайын күчтөр бөлүгүнө тузак курду. Бөлүккө караштуу аскерлер күзөт үчүн штабдан чыккан учурда автоматтар менен кол салган. Бул кол салуунун жоопкерчилигин азырынча моюнга алган болгон жок. Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалицияга караштуу Шебваниййе атайын күчтөрү Бириккен Араб Эмирликтери тарабынан машыктырылууда.