Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Activities calendar

28 ноября 2017

Египеттеги кол салуунун кесепети

Кол салуудан каза тапкандардын саны 309га жетти
Египеттин Ариш шаарындагы Равда мечитине жума күнү болгон террордук кол салуудан каза тапкандардын саны 309га жетти.

Египеттин Башкы прокурордугу ишемби күнкү билдирүүсүндө, мечитти бутага алган кол салуудан 27си бала 305 кишинин каза болгонун билдирген болчу.

Башкы прокурордук, кол салуунун террордук уюм ДЕАШ тарабынан аткарылганын жана кол салгычтардын 25-30 киши экенин белгилеген.

Багдатта жан кечтилик кол салуу болду

Кол салууда 11 киши каза болуп, 11 киши жараланды.
Ирактын борбор шаары Багдатта жасалган жан кечтилик кол салууда 11 киши каза болуп, 27 киши жаракат алды. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Багдаттын түштүк чыгышында орун алган Нехраван аймагындагы базарда эки жан кечти денелериндеги бомбаны жардырышты. Кол салууда 11 киши каза болду. Жараланган 27 киши жакын жерлердеги ооруканаларга алып барылды.

Путин бардык өлкөлөргө чакырык салды

Орусиянын президенти Владимир Путин бардык өлкөлөрдү химиялык курал запастарын жок кылууга чакырды.

Путин Химиялык куралдар келишимине тарапташ өлкөлөрдүн 22-конференциясынын катышуучуларына саламдашуу билдирүүсүн жөнөттү.

Орус лидер билдирүүсүндө: «Химиялык куралдарга ээ болгон өлкөлөрдү Орусиядан үлгү алууга жана химиялык курал запастарын эң кыска мөөнөттүн ичинде жок кылуу үчүн ар түрдүү аракетти жасоого чакырабыз»,-деди.Путин келишимге тарапташ болбогон өлкөлөргө да келишимге кошулууну сунуштады.