Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Activities calendar

23 ноября 2017

Тажикстан ЕАЭБ курамына кириши мүмкүн

Тажикстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кирүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Тажикстандын ЕАЭБке кошулуусун колдойт. Буга чейин Тажикстандын бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басары Хуршед Каримзод, Кыргызстан жана Армениянын мисалдарын изилдөө менен ЕАЭБке кошуулууга даярданып жатканын кабарлаган.

Йеменде 21 күндө 244 киши каза тапты

Коалиция күчтөрүнүн абадан кол салуулары жана Йемен армиясынын операцияларында хусилер жана Салих колдоочуларынан 400 киши да жараланды.
Йеменде бул айдын башынан бери болуп келе жаткан кагылышуулар жана коалициянын кол салууларында хусилер менен кулатылган президент Али Абдуллах Салих жактоочуларынан 244 киши каза тапты.

Иран, Түркия жана Орусия президенттери Сирия маселесин талкуулашты

Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга толук мүмкүн. Бул тууралуу Владимир Путин Сочиде Иран, Түркия жана Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн башталышында билдирди.

Анын айтымында, азыр Сириядагы жарандык согушту токтотууга мүмкүнчүлүк бар, бирок саясий чечим тараптардын баарынан, анын ичинде Сириянын Москва колдогон өкмөтүнөн да талап кылат. Ошону менен бирге, тараптардын биргелешкен аракеттерин Сирияны толугу менен террористтерден бошотууга жетише алаарын мындан ары Сириянын согуштан кийинки кризистен чыгаруу маселелери талкууланганын билдирди.