Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

20 ноября 2017

Кыргызстан ЕАЭБ курамынан чыкпайт

Кыргызстан ЕАЭБ мейкиндигинен чыкпайт. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында билдирди.

Президенттин белгилөөсүндө, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен мигранттар үчүн шарттар жеңилдеп, экономикалык өсүш байкалды. Азырынча аталган биримдиктин келечеги кандай болоору белгисиз болсо да, Орусия менен болгон мамилени сактап калуу керек.

Өлкө башчы бул биримдикке кирүү туура чечим болгонун айтып, өкүнбөй турганын кошумчалады. Ошол эле учурда, биримдиктин башка мүчөлөрү да ушундай ойдо болуусу керек болчу деген оюн айтты.

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе отставкага кетүүдөн баш тартты

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе партиялаштарынын жана аскерлердин күткөнүндөй отставкага кетпей турганын билдирди.

Анын айтымында, ал декабрь айында башкаруучу партиянын конгрессинде төрагалык кылмакчы. Мурунураак партиянын борбордук комитети аны төрагалыктан түшүргөн болчу. Мындан кийин ал отставкага кетээрин жарыялашы күтүлгөн, бирок андай болгон жок.

Евробиримдик Мьянмада рохинжалардын маселесин талкуулап жатат

Евробиримдик рохинжалардын маселесин тынчтык жолу менен чечүү аракетин көрүүдө. Маалыматка ылайык, уюм Бангладештин өкмөтүнө кычкындарды кабыл алуу жана жайгаштырууга жардам берерин, Ал эми Мьянма бийлигине жеринен кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөөрүн жарыялады.

Бул тууралуу ЕБдин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Федерика Могерини билдирди. Ал жекшемби күнү Бангладештеги качкындардын эң ири лагери Кутупалонгго барган.