Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

16 ноября 2017

Cауд Аравия - Иордания аскердик машыгуусу

Сауд Аравия менен Иорданиянын «Йермук – 2» аттуу аскердик машыгуусу аяктады.
Сауд Аравиянын Амман элчилигинин басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда Иорданиянын түндүгүндө өткөрүлгөн эки өлкөнүн аскердик күчтөрү катышкан «Йермук – 2» машыгуусу аяктады.

Грецияны каптаган сел 13 адамдын өмүрүн алды

Грецияны каптаган сел 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Афинанын Амна агенттиги кабарлады. Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас кырсыктын кесепеттерин жоюу жана чыгымдарды ордуна келтирүү боюнча өкмөт менен жыйын өткөрдү.

Мурунураак катуу жааган жаандын кесепетинен сел агындары пайда болуп, 9 адам каза болгону кабарланган. Алдын ала божомолдоолорго караганда, каза болгондардун саны 20га жетиши мүмкүн. Тилсиз жоо Мандра, Магула, Неа-Перамос, Элефсина жана Аспропиргос шаарларын каптаган.

БУУ Тынчтык күчү аскерлеринин санын көбөйттү

Кошумча тынчтык күчү аскерлери менен бирге миссияда кызмат өтөгөн аскерлердин саны 11 миң 650гө жетет
БУУнун Коопсуздук кеңеши Борбордук Африка Республикасындагы БУУнун Тынчтык күчү миссиясынын аскерлеринин санын көбөйтүү чечимин чыгарды.

Борбордук Африка Республикасындагы БУУнун Тынчтык күчү миссиясына 900 кошумча тынчтык күчү аскеринин жөнөтүлүшү чечими, БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир добуштан кабыл алынды.

Кошумча тынчтык күчү аскерлери менен бирге миссияда кызмат өтөгөн аскерлердин саны 11 миң 650гө жетет.