Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

07 февраля 2017

Арабстандын Йеменге кол салууларынан 12 миң адам курман болду

ISNA агенттиги “Альахд” маалыматына таянып кабарлайт: Йемендин инсан укуктарын коргоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, ушул өлкөгө согуш башталганына эки жылдай болду. Андан бери согуштун кесепетинен 12 миңдей адам курман болгон. Тагыраак айтканда 680 согушуу күндөн тартып, 11929 йемендик, алардын ичинде 4398 аял жана бала чакалар курман болушкан. Мындан тышкары 19885 жарадар, алардан 4272 аял жана бала- чакалар.

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүүдө

Астанада Сириядагы согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүүдө. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы ок атышууну токтотуу режимин камсыздоо боюнча кабыл алынган механизмди талкуулоого чогулушту. Астанадагы жыйын БУУнун жана Иордания өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүүдө.

Трамп: АКШ соттун чечиминен улам коркунучка кептелүүдө

АКШ президенти Дональд Трамп иммиргация тууралуу жарлыктын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тарткан соттун чечимин сынга алды. “Сот өлкөнү ушундай коркунучка кириптер кылып жатканына ишене албай турам. Эгер бир нерсе болсо, аны жана соттук системаны күнөөлөгүлө. Кишилер суудай агылып келишет. Жаман!”- деп жазды Трамп Твиттерге.