Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

02 февраля 2017

Иран, Орусия жана Түркиянын отуруму 6-февралда Астанда өтөт.

Иран, Орусия жанаТүркиянын өкүлдөрү Сирия кырдаалын талкулоо отурумун улантуу максатында Казакстандын Астана шаарында кайрадан чогулушат. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия, Түркия, Иран жана БУУнун делегацияларынан 60 адис болуп, Сирия боюнча отурумун 6-февралда Астанада улантышмакчы.
Бул маалыматты Спутник агенттигин дагы БУУнун бир МКсынан билдирген. Ал эми Казакстандын ТИМи бул маалыматты тактаган.

Еврейлер Трамптын мыйзамынан тышкары

IQNA Куран маалымат порталы “Альаалям” агенттигине таянып билдирет: Дональд Трамп менен Ак Үйдүн жаңы башкаруучулары айрым өлкөлөрдүн мигранттарына чектөө киргизүү мыйзамы эч кандай диний жана расистик себептерге тиешелүү эмес, деп ишендиргенине карабастан, америкалык аткаминерлер жаңы чечимдеринде бул мыйзамдан еврейлер тышкары экенин билдиришкен. Байкоочулардын ишениминде еврейлердин бул мыйзамдан чыгуулары,Трамптын расистик жана мусулмандарга каршы көз карашын айкындайт.

“Көк кит” азгырыгы менен күрөшкө дин кызматкерлерин тартуу сунушталды

Интернетте өспүрүмдөрдү өлүмгө түртүп жаткан “Көк кит” аталган виртуал оюн көйгөйү бүгүн Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Азиз Турсунбаев бул маселе олуттуу экенин айтып, ага каршы күрөшүүгө милиция, мугалимдер жана ата-энелер гана эмес, дин кызматкерлери да тартылышы зарылдыгын билдирди.

Интернеттеги “көк кит”, “сен оюндасың”, “өлүм тобу”, “тынч үй” сыяктуу суицидге үндөгөн оюндар Кыргызстанга социалдык тармактар аркылуу Орусиядан келгени кабарланууда.

Муфтият ажылыкка байланыштуу сынак жарыялады

Сынактын мөөнөтү 1-февралдан 1-мартка чейин белгиленген.

Меркель качкындар көйгөйүн чечүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды

Германиянын канцлери Ангела Меркелге качкындар маселесин чечүүгө кошкон салымы үчүн «Ойген Больц» атындагы сыйлыкка татыды. Бул тууралуу DPA агенттиги кабарлайт.

Ойген Больц өз кезегинде Германиянын саясатчысы болгон, ал Гитлердин режимине каршы топтун мүчөсү эле. Кийинчерээк Германияда фашизмге каршы иш-аракети үчүн анын атына сыйлык негизделген.

Сыйлыктын баасы 5 миң еврого тете. Белектерди тапшыруу аземи Штутгартда өтөт.

Меркел бул сыйлыкка көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирүү менен: “Европа эми мындан да күчтүү, биз аны бириктирдик,”- деген эле.