Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

24 января 2017

Хадис

Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты:Аллах шыпаасын жаратпаган бир да оору жок.

ИГИЛ тобунун 13 ачык адашуусу

Азыркы күндөрдө пайда болгон, өзүн Ислам мамлекети (ИШИМ — Ирак менен Шамдын Ислам мамлекети) деп тааныштырган топтун Исламга эч кандай тиешеси жок.

Алардын сүйлөгөндөрү Куран, Хадис жана илгерки сүннөт аалымдарынын сөздөрү болгону менен – бул жөн гана алардын адашуусун жашыруу үчүн айтылган сөздөр. Чындыгында алар Куранды да, Хадистерди да, аалымдардын сөздөрүн да түшүнүшпөйт.

Бүгүнкү күндө бир дагы Ахлю-с-Сунна аалымы аларды колдобойт. Тескерисинче, аларды адашкан агым ХАРИЖИТТЕР деп өкүм беришип, жаштарды аларга кошулуудан кайтарышууда.

Илим - адамдын бейишке кирүүсүнө себеп болот

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Аллах Таалага чексиз алкыш-мактоолор, пайгамбарыбыз Мухаммадга салам-дубалар болсун.

Трамп дүйнөлүк лидерлерди угабы?

Дональд Трамп расмий ишке киришкенден тарта дүйнөдөгү таасирдүү өлкө лидерлери АКШ менен алакасындагы маанилүү маселелерди кайрадан козгошту. Көбү глобалдык экономиканы сөз кылышса, Орусия санкцияларды, Түркия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эстеди.
20-январда АКШ президенттигине расмий киришкен Дональд Трамп айрым олуттуу маселелер боюнча мурдагы президент Барак Обаманын саясатынын нугун өзгөртүүгө камынууда.

Киргизский

Мосулду бошотуу операциясы бир ай ичинде аягына чыгат

Ирактын экинчи ири шаары болгон Мосулду террористтерден бошотуу операциясы бир ай ичинде аяктайт. Бул тууралуу Ирактын ички иштер министри Ибрахим ал-Жафари айтты.

ал-Жафари Ливан президенти Мишель Аун менен жолугушуусунда Мосул темасы козголгон. Анда ирактык атка минер Мосулду террористтерден тазалоого аз калганын кошумчалаган.

Жакында эле Ирак бийлиги «Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы ээлеп алган Мосул шаарынын 90% кайра алынганын билдирген.

Эске салсак, Мосулду бошотуу операциясы өткөн жылы 18-октябрда башталган.

Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүү бүгүн жыйынтыкталат

Астанада Сирияда ок атууну токтотуу режимин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү аяктады. Ага Сирия өкмөтүнүн жана оппозиция өкүлдөрүнүн катышканы менен алардын ортосунда тикелей сүйлөшүү болгон жок.

Сирия оппозициясынын өкүлү Яхья аль-Ариди ал баштаган топ ок атууну токтотууну талкуулоо үчүн БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын катышуусунда орусиялык жана түркиялык делегациялар менен жолукканын айтты.