Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

23 января 2017

Сауд Аравиясынын королу өлкөгө жамгыр жаашы үчүн элди Кудайга сыйынууга чакырды

Ушундай эле жамааттык сыйынууну өткөн кыштан бери жамгыр жаай элек Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүшкөн.

Кулаган учактын айрым бөлүктөрү АКШга жөнөтүлөт

“Манас” аэропортунун жанында кулаган түркиялык My Cargo компаниясынын "Боинг 747" учагынын айрым бөлүктөрү экспертиза үчүн АКШга жөнөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, кулаган учакты чыгарган өлкө катары АКШ айрым бөлүктөрүн текшерүүдөн өткөрөт. Муну менен катар Калилов кырсыкка учураган учактын “кара кутулары” окулганын кошумчалады.

Бирок иликтөө жыйынтыгы чыкканга чейин “кара кутудагы” маалыматтар жарыяланбайт.

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтөт

Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүү бүгүн жергиликтүү саат боюнча 13:00дө башталат. Сүйлөшүү жабык эшик артында болуп өтөт. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлигинин сайты жазды.

ТИМдин билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр 24-январь күнү түштөн кийин аяктайт. Тараптардын жолугушуусу Rixos President Astana мейманканасында уюштурулууда.

Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өткөн соң, анын артынан маалымат жыйын берилип, жыйынтыктар тууралуу айтылат.