Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

17 января 2017

Апаатта каза болгондор бүгүн жерге берилет

Учак кырсыгында каза болгондор бүгүн жерге берилет. Алгач Манас айылында бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн сөөгү коюлат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, 37 сөөктүн 32синин тек-жайы такталды.

16-октябрда Чүйдүн Дача айылына «Боинг 747-400» кулаган. Мерт кеткендердин төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар айылдын жайкын тургундары.

Учак Гонконг-Стамбул багытында учуп баратып,“Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган.

АСТ Airlines каза тапкан жана жабыркагандарга компенсация төлөп берет

Бишкек жакынында кырсыктаган учактан каза тапкан бардык жарандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу учакка ээлик кылган түркиялык АСТ Airlines фирмасынын расмий сайтында жарыяланды.

Компания Кыргызстанга жана кырсыктан жабыркагандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, бардык келтирилген зыяндар төлөнөт деп жазды. Андан сырткары авиакырсыктан каза болгондордун үй-бөлөлөрүнө мамлекет да компенсация төлөп бермей болду.

Стамбул террористи жанындагы кыргызстандык досу менен кармалды

Стамбулда Жаңы жыл кечесинде Рейна түнкү клубундагы терактты уюштурган террорист Стамбулда кармалды. Аны кармоо операциясы 17-январга караган түнү уюштурулуп, ийгиликтүү аяктаган. Бул тууралуу Хурриет басылмасы жазды.

Өзбек тектүү делген Абдулгадир Машарипов жанындагы төрт шериги менен кармалган. Алардын бири кыргызстандык жаран экенин Стамбул полициясы маалымдады. Ошондой эле террористтин жанында төрт жашар баласы да болгону айтылууда.