Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

16 января 2017

Ирак армиясы Мосулдун 90% аймагын кайра алды

Ирактын полициясы жана атайын күчтөрү Мосулдун 90 пайызын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу «Ас-Сумария» телеканалында Ирактын куралдуу күчтөрүнүн атайын өкүлү Яхё Расул билдирди.

«Ирактын куралдуу күчтөрү Тигр дарыясынын сол жээгиндеги 85-90% аймакта көзөмөл орнотушту. Учурда аталган аймакты террористтерди тазалоо иштери жүрүүдө»-деп айтылат маалыматта.

Түркия Кыргызстанга көңүл айтып, жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

Бишкек жакынындагы учак кырсыгына байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге телефон чалды.

Чавушоглу кыргызстандык кесиптешине кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Ошондой эле Түркия өкмөтү ар кандай жардамга даяр экенин кошумчалаган.

Белгилүү болгондой, 124 тонна жүгү бар Boeing 747-400F учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы менен баратып, таңкы саат 07:30 чамасында радардан жоголгон.