Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

07 января 2017

Хадис

Пайгамбарыбыз (САВ) айтты:"«Соода-сатыкта көп ант ичүүдөн сактангын. Аткени, ант ичүү буюмдун сатылуусун камсыз кылса да, берекесин жоготот».

Ит багуу жөнүндө

Иттердин доору Мындан эки жыл мурун бир айылда ушундай кейиштүү окуя болгон. Балагатка эми жеткен мектеп жашындагы бала кутурма оорусу менен ооруп, өтө кыйынчылыкта азап менен оо дүйнө салды. Айыл элинин ага кейибеген эч ким калбаган эле.
Көрсө, ал баланы кутуруп кеткен ит каап алган экен. Бала өзү жаштык кылганбы же үй-бүлөөсү кенебестик кылганбы, айтор аягы аянычтуу өлүм менен бүттү. Иттин кутурма экенин билишкенде, баланын оорусу эбак эле күчөп, акыркы чегине жетип, кеч болуп калган.

Казакстан Сирияга гуминатардык жардам жөнөттү

Казакстан Сирияга 500 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады .Казакстандын Иорданиядагы элчиси Азамат Бердыбай гум жардамды сириялыктарга өткөрүп берүү аземине катышты. Анын айтымында Сирияга ун, эт азыктары, консервалар, макарон менен чайлар жеткирилди.

«Гуминатардык жардам президент Нурсултан Назарбаевдин чечими менен жеткирилди»,-дейт элчи.

Элчинин айтымында, Казакстан Сириядагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү үчүн аракеттерди колдойт.

Маликов: «Адамдар террор уюмдарына акча үчүн азгырылат деген сөз — миф»

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Жай отуруп баарлашуу” долбоорунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул ирет журналисттердин ар кыл суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Мирлан Жээнчороев жана белгилүү теолог Кадыр Маликов жооп беришти.Азыркы учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө байма-бай ишке ашып жаткан террордук чабуулдар, өзгөчө Түркия мамлекетинде акыркы болгон окуялардан улам терроризм коркунучу Борбордук Азия анын ичинде Кыргызстанга дагы жакындап калгандыгынан кабар береби? Мындай коркунучтуу уюмдарга кимдер, кантип тартылып жатат? Аны алдын алууга мүмкүнбү?

Киргизский