Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Activities calendar

05 января 2017

Хадис

Пайгамбарыбыз (САВ) айтты:"Ырыскысынын кенен, өмүрүнүн узун болуусун каалаган адам (тууган-уруктарына каралашсын) алар менен болгон байланышын үзбөсүн”.

Ырыскынын канча түрдүү болоорун билесизби?

Ырыскы эки түрдүү болот
1. Убактылуу.
2. Түбөлүктүү.

Убактылуу ырыскы: Сиздин мүлкүңүздө болуп туруп, бирок Алла Таала Өзү каалаган кезде алып койгон ырыскы. Демек бул түбөлүктүү эмес, убактылуу гана ырыскы... Мисалы: Айдап жүргөн унааңыз, иштеген жумушуңуз, аялыңыз, же жашап жаткан үйүңүз, ушулардын бардыгы сиздин ырыскыңыз, бирок булардын бири да түбөлүктүү эмес..

Падышалык даража

Адамдардын даражалары ар түрдүү болот. Эгерде сиз падышалык даражага жетсеңиз, анда дебаттарда же кимдир бирөө менен талашып кеткен кезде одоно мамиле кылуудан сактана аласыз. Ал эмес каршыңызда турган адамды сенин айтканың туура эмес деп айтууга да аракет кылбайсыз. Кээде сиз айтпаган сөздү айтты деп, сизди жалганчыга чыгарган адамдарда кездешет, бирок сиз аларды жалган айттың деп айыбын ачпайсыз, анткени сиз акыйкатты билесиз, ошондуктан анын айткан сөздөрүн катардагы эле сөз катары угуп коёсуз.