Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

04 января 2017

2017: Дүйнөлүк экономика аксаган абалдан чыгабы?

Дүйнөлүк экономика жана соода 2017-жылга кандай абалда кирди, аяктаган 2016 -жыл кандай жыйынтыктарды берди? “Азаттык” ушул жана башка суроолор менен баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейнге (Nigel Paine) мырзага кайрылды.
Белгилүү болгондой, дүйнөлүк экономиканын өргө кетиши же төмөндөшү саналуу негизги оюнчулардын абалына көз каранды. Алардын ар бирине токтоолордун алдында айтсаңыз, аяктаган 2016-жылдын жыйынтыгында дүйнөлүк экономикадагы негизги тенденция эмне болду?

Киргизский

Казакстан визасыз режим киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти

Казакстан Евробиримдикке мүчө бардык өлкөлөрдүн, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө бардык мамлекеттердин, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Малайзия, Монако, Сингапурдун жарандарына визасыз режим киргизди.

Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мамлекеттердин жарандары визасыз Казакстанда 30 күнгө чейин жүрө алышат.

Стамбул терактына күнөөлүү деп уйгур улутундагы жигит кармалды

Стамбулдагы Рейна түнкү клубуна кол салган куралчан террористтин ким экендиги аныкталды. Анын улуту уйгур экени жана Түркияга 2016-жылдын ноябрында келгени маалым болду.

Террорист Түркиянын Конья шаарына үй-бүлөсү менен ушул жылдын ноябрында көчуп келгенин Интернетхабер басылмасы жазды.

Кытайдын Уйгур автономдук облусунан көчүп келген террористтин үй-бүлөсү учурда баары кармалган. Ал жубайы жана эки кызы менен жашагандыгы айтылууда. Учурда тергөөнүн жабыктыгына байланыштуу кармалган жарандын аты-жөнү толук айтылган жок.