Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

21 декабря 2016

Орус элчисинин табыты Москвага алынып келинди

Киши колдуу каза болгон Түркиядагы Орусиянын элчисинин сөөгү Москвага алынып келинди. Аны Орусия жана Түркия тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мавлюд Чавушоглу Москвадагы Внуково аэропортунда тосуп алды.

Террористтин колунан каза тапкан элчи Андрей Карловдун табыты Ту-154 самолёту менен Москва убактысы менен 20.30 жеттти. Учакта дипломат Карловдун жубайы жана апасы да кошо келген. Элчинин табытын аскердик ардактуу кароолдун коштоосунда тосуп алышты.

Орусиянын Түркиядагы элчиси атып өлтүрүлдү

Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов белгисиз адамдын огунан каза болду.
Орусиялык жана батыш маалымат каражаттары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захаровага шилтеме берип, Карлов алган жараатынан өзүнө келбей каза болгонун жазышты.