Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Activities calendar

14 декабря 2016

iPhone уюлдук аппаратынын эң биринчи үлгүсү 24 миң долларга сатылып жатат

Apple компаниясы чыгарган iPhone смартфонунун эң биринчи үлгүсү 2007-жылы 29-июнда сатыкка чыгып, 500 долларга бааланган.
Дүйнө боюнча популярдуулукка жетишкен Apple компаниясынын iPhone смартфонунун эң биринчи үлгүсү Ebay интернет-дүкөнүндө 23 миң 749 долларга бааланып, сатыкка коюлду. Ал буга чейин колдонулган эмес.

Стамбулдагы терактыдан кийин түрк полициясы 235 адамды кармады

10-декабрда кечинде Стамбул шаарындагы "Водафон Арена" стадионунун жанында жардыруу болгон. Түрк полициясы террористтик уюмдарга шектүү болгон адамдарды кармап жатат.
Түрк полициясы өлкөдө тыюу салынган "Күрд жумушчу партиясынын" жана "Күрдстан эркиндигинин шумкарлары" радикалдык тобуна тиешеси бар деп шектелген 235 адамды кармады. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлигинин сайтында чыккан маалыматка шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

Орусия Алепподогу операциялар аягына чыкканын билдирди

Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү согуштук аракеттер аяктады. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин билдирди. Өкмөт козголоңчулардын карамагындагы акыркы кварталдарга өз көзөмөлүн орнотту, деди дипломат.

Би-би-си билдиргендей, эгер чын болсо бул билдирүү Алепподогу төрт жылдан ашык убакытка созулган айыгышкан кармаштар аяктады дегенди түшүндүрөт.